• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Өлкө аймагында 8 өрт кырсыгы катталды

7 Тогуздун айы 2021 9:45 Бишкек Govori.TV

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 8 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Алсак, Бишкек шаары 3, Чүй облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 2, Баткен облусунда 2 өрт кырсыгы катталган.

Бишкектеги Көк-Жар конушунда темир устундуу темир жабылган жыгач тигүүчү цехтин биринчи кабатында 20 чарчы метр опилка күйгөн.

Ошондой эле Токмок шаарындагы Жантаев көчөсүндө жайгашкан ЖЧК “Исаби” ишканасынын аймагында аянтты 32 чарчы метрди чайыр күйгөн.

Количество просмотров: 98