• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Өлкө аймагында үшүк жүрөт

2 Бугу 2023 15:45 Бишкек Govori.TV

Синоптиктер 3-6-май күндөрү өлкө аймагында түнкүсүн жана эртең менен үшүк жүрүшү мүмкүндүгүн эскертти.

Кыргызгидрометтин билдирүүсүнө караганда, 3-майда Чүй облусунун тоо этектеринде жана Талас облусунун дыйканчылык аймактарында, 4-5-майда Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 0…-2 градуу үшүк жүрүшү күтүлөт.

Ошондой эле 3-6-майда түнкүсүн жана эртең менен Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -2…-4° үшүк жүрөт.

Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жемиш бактарына, жерге отургузулган жашылчаларга коркунуч туудурат.

Количество просмотров: 63