• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Өлкө аймагында сутка ичинде 8 өрт кырсыгы катталды

25 Үчтүн айы 2022 9:53 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда сутка ичинде 8 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 10 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 1, Ош облусунда 3, Чүй облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Бишкек шаарынын Биринчи май районунда желимдөөчү жайдын жалпы аянты 40 чарчы метр болгон жыгач устундуу шифер жана темир менен жабылган контейнердин жана курулуш вагондун чатыры күйгөн. Өрттүн натыйжасында 1982-жылы туулган И.Я.Ч аттуу кароолчу колунан күйүк алып тез жардам кызматына өткөрүп берилген. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кыргыз-Чек айылында турак үйдүн 2 бөлмөсү, аянты 49 чарчы метр чатыры жана тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Пригородный айылында жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдүн жалпы аянты 100 чарчы метр чатыры толугу менен, 2 кир жуучу машина жана үй эмеректери күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Количество просмотров: 53