• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Өлкө аймагында жер титиреди

26 Үчтүн айы 20269:38 Бишкек Govori.TV

Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, бүгүн саат 03:54дө Кыргызстандын аймагында күчү 4 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды.

Жердин силкинүүсү Ош облусунун Алай районунун Алга-Бас, Кабылан-Көл айылдарында 3,5 балл. Ал эми Кара-Суу районунун Лаглан, Тогуз-Булак, Тээке айылдарында 3 баллга чейин (Кабылан-Көл айылынан 3 чакырым түндүк-чыгышта, Алга-Бас айылынан 5 чакырым түштүк-батышта) сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 257