• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Өлкөдө 11 азык-түлүктүн баасын көтөрүүгө чектөө киргизилди (тизме)

16 Жалган куран 2020 14:38 Бишкек Govori.TV

Өкмөт бааларын көтөрүүгө убактылуу (токсон календардык күндөн ашпаган) тыюу салынган азык-түлүктөрдүн тизмесин жарыялады. Токтом 13-мартта кабыл алынган.

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине мамлекеттик жөнгө салуу боюнча (максимумдук деңгээлин белгилөө) тийиштүү чараларды кабыл алуу, Экономика министрлигине токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күндөн кечиктирбей Евразия экономикалык комиссиясын белгиленген тартипте кабарлоо тапшырылды.

Азык-түлүктөрдүн тизмеси:

  1. Ун
  2. Нан
  3. Пастерленген сүт, майлуулугу 2,5-3,2%
  4. Тамак-аш майы
  5. Каймак майы
  6. Эт (уй, кой)
  7. Кумшекер
  8. Күрүч
  9. Ун азыктары
  10. Жумуртка
  11. Картошка
Количество просмотров: 253