Бишкек.10.12.2018.Govori.TV.
Бүгүн, 10-декабарда БУУнун Адам укуктары боюнча декларациясы кабыл алынганынын 70 жылдыгына арналган конференция болуп өттү. Ага президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү баш болгон бийлик жетекчилери, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышып, азыркы мезгилдеги адам укуктары тууралуу маселелер талкууланды.
Өлкө башчы адамукутарын баарынан өйдө коюп бул жааттагы көйгөйлөрдү чечүүбүз керек деген мененчындыгында эле Кыргызстанда адам укуктарын коргоо кандай абалда деген суроожаралат.
Өлкөдөгү эң чоң көйгөй болгон аялдардынукутарын телебөө азырынча токтобой жатканын ЖК депутаты Аида Касымалиевабелгилеп өттү.
Адам укуктарынын бузулуусунун негизги себептеринин бири бул коомдогу корруциямаселеси болууда.
Жыйынтыктап айтканда адам укугуна байланыштууконференцияда ооз жүзүндө ар нерселер айтылганы менен иш жүзүндө кыла турчу иштер али көп экендиги байкалды. Айта кетуучу жагдай, ушул эле куну БУУнуналдында Кытайда туугандары камалган кытайдан келип Кыргызстандын жарандыгыналган кыргыздар тынч митинг өткөрүштү.