• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Өлкөдө айыл чарбасын каттоо өнөктүгү жүрүүдө

23 Жалган куран 20269:05 Бишкек Govori.TV

Республиканын бардык аймактарында 20-марттан тарта айыл чарбасын каттоо расмий түрдө башталды.

Каттоонун алкагында төмөнкү багыттар боюнча маалыматтар топтолот:

  • Айыл чарба жерлеринин абалы жана өсүмдүктөрдүн эгин аянттары;
  • Мал жандыктардын жана канаттуулардын так саны;
  • Айыл чарба техникаларынын абалы;
  • Дыйкан (фермердик) чарбалардын жана жеке көмөкчү чарбалардын ишмердүүлүгү.

Белгилей кетсек, айыл чарба каттоосу өлкөдө 10 жылда бир жолу өткөрүлөт. Бул иш-чара сектордун реалдуу абалы жана түзүмү жөнүндө так маалымат алууга багытталган маанилүү улуттук статистикалык долбоор болуп саналат.

Аталган өнөктүк үстүбүздөгү жылдын 10-апрелине чейин улантылат.

Количество просмотров: 140