• Дүйшөмбү 20 Бугу 2024
  • Понедельник 20 Май 2024

Өлкөдө дагы 50 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды

22 Теке 2020 10:32 Бишкек Govori.TV

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 50 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда эртең мененки онлайн маалымат жыйында коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

• Бишкек ш. – 12
• Чүй облусунда – 10
• Ош ш. – 9
• Ош облусунда – 5
• Жалал-Абад облусунда – 4
• Баткен облусунда – 6
• Ысык-Көл облусунда – 4

Ал эми бир суткада 23 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары уй карантинден 444 медициналык кызматкер айыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2478 учур катталды, алардын ичинен 1091 медкызматкер айыкты.

Количество просмотров: 52