• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Өлкөдөгү адам укугунун абалына берилген баа

5 Бештин айы 2023 15:41 Бишкек Govori.TV

Эл аралык Human Rights Watch (Хьюман Райтс Вотч) уюму Кыргызстанда бийлик адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча берген убадаларына карабастан сын айткандарга жана жарандык коомго басым кылып жатканын билдирди. Буга сөз эркиндигин, адам укуктарын чектеген мыйзамдар себеп болууда. Мурдагы акыйкатчы Атыр Абдрахматова Кыргызстанда адам укугу боюнча эл аралык уюмдар жана өкмөт бекиткен келишим, мыйзамдар кагаз жүзүндө калып, ал эми иш жүзүндө маңдай жылытарлык эместигин айтты.

20 жаштагы блогер Ырыс Жекшеналиев УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону “Полит Узник” баракчасына чыгаргандан кийин камалып, соттук териштирүүлөр 15 айга созулгандан кийин акталды. Мындан улам соңку жылдары Кыргызстанда авторитаризмдин белгилери күчөп, сөз эркиндиги жаатында абал начарлап жатканына укук коргоочулар тынчсыздануусун билдирип жатышат.

Ошентсе да Кыргызстан Борбор Азиядагы башка мамлекеттерге салыштырмалуу демократияны карманган, жарандык коому күчтүү өлкө катары таанымал. Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбеков буларды белгиледи.

Белгилей кетсек, Эл аралык Freedom House (FH) уюму “Дүйнөдөгү эркиндик — 2023” аттуу жаңы баяндамасында Кыргызстанды үчүнчү жылы катары менен “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошту. Адам укугу жөнүндө жалпы декларация кабыл алынганына быйыл декабрдын онунда 75 жыл толот. 1948-жылдын 10-декабрында БУУнун Башкы Ассамблеясы 30 беренеден турган Адам укуктарынын жалпы декларациясын кабыл алган. Учурда декларацияга БУУга мүчө 193 өлкө кошулган. Кыргызстан 1994-жылдан тарта кабыл алынган.

Количество просмотров: 62