• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Жээнбеков: Адам укугун коргоо — мамлекеттин негизги милдети

10 Бештин айы 2018 12:48 Бишкек Govori.TV

Бишкек.10.12.2018.Govori.TV.

“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында «Адам укуктарынын жалпы декларациясы Кыргыз Республикасында конституционализмдин жана парламенттик демократиянын негизи катары» деген темада конференция башталды.

Анда сөз сүйлөгөн президент Сооронбай Жээнбеков адам укуктарын коргоо мамлекеттин негизги милдети экенин айтты:

 Декларацияда сот адилеттиги, укук коргоо органдарындагы реформалар башталды. Кыргызстан жаңы укуктук мейкиндикке кирип жатат. Кыргызстанды дүйнөгө демократиянын аралчасы катары таанытууга биздин өлкөнүн Конституциясынын мааниси чоң, — деди Жээнбеков.

Эл аралык конференция Кыргызстандын Конституциясынын кабыл алынганынын 25 жылдыгы, кыргыз парламентинин 80 жылдыгы жана Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча декларациясы кабыл алынганынын 70 жылдыгына карата өткөрүлүп жатат. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, Эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда.

10-декабрь — Адам укугун коргоо күнү. 1948-жылы дал ушул күнү БУУнун Башкы ассамблеясы адам укугу боюнча жалпы декларацияны кабыл алган. 

Количество просмотров: 51