• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Өлкөдө коронавируска каршы эмдөө 29-мартта башталат

25 Жалган куран 2021 9:47 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөнүн биринчи этабы 29-мартта башталат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул тапта Ош шаары менен Чүй облусундагы эмдөө пункттарында вакциналар даярдалып жатат.

«Бишкек шаары боюнча эмдөө үчүн 5 пункт ачылат. Чүйдө 2 пункт, ал эми Ош шаарында дагы 2 пункт ачылат. Эмдөөнүн алгачкы этабында медицина кызматкерлери, мугалимдер, социалдык кызматкерлер, укук коргоочулар, бажы кызматкерлери, өнөкөт оорусу барлар жана ден соолугу кооптуу топко киргендер эмделет. Вакцинация Бишкек шаарында, Чүй өрөөнүндө, андан кийин Ош облусунда жүргүзүлөт»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 73