2020-жылы Кыргызстандагы туризм 80%га төмөндөп кетиши мүмкүн. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов бүгүнкү онлайн маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, мындай божомолдор дүйнө жүзү боюнча күтүлүүдө.
«Коронавирус илдетине байланышкан чектөөлөр дүйнөдөгү бардык өлкөлөрдө экономика менен туризм тармагына таасир бере турганы шексиз»,-дейт Жаманкулов.