Бүгүн, 25-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Эрлист Акунбековду Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри кызматына, ал эми Дамирбек Осмоновду Саламаттык сактоо министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселесин карашты.
Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев Президенттин сунуштамаларын тааныштырды.
Жыйынтыгында Жогорку Кеңеш Эрлист Акунбековду Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри кызматына, ал эми Дамирбек Осмоновду Саламаттык сактоо министри кызматына дайындоого макулдук берип, тиешелүү токтомду кабыл алды.