• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Өлкөнүн түштүгүнө ыктыярчы дарыгерлердин тобу жөнөп кетти

13 Чын куран 2020 13:38 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 13-апрель күнү өлкөнүн түштүгүнө барууну каалаган ыктыярчы дарыгерлердин тобу түзүлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

«Өлкөдөгү оор эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Ош жана Баткен облустарындагы коронавирустун очокторунда эпидемияга каршы жана дарылоо иштерине катышууну каалаган адистердин бригадасы түзүлдү. Медициналык топ (жугуштуу оорулар боюнча адис, эпидемиолог, анестезиолог–реаниматологдор) коронавирус менен күрөшүү үчүн өлкөнүн түштүгүнө 1 айга кетип жатат» — деп билдиришти министрликтен.

Количество просмотров: 239