Беларусиянын президенти Александр Лукашенко расмий түрдө президенттик кызматына киришти. Бул тууралуу беларусиялык басылмалар жазды.
Маалыматка караганда, президенттин ант берүү иш-чарасы Минск шаарындагы Эгемендүүлүк сарайында өтүп, ага саясатчылар, депутаттар, ЖМК жетекчилери, спорт жана маданият өкүлдөрү катышкан.
Айрым маалыматтар боюнча, инаугурация тымызын даярдалып, анын датасы тууралуу алдын-ала айтылган эмес.
Эске салсак, Беларусияда президенттик шайлоо 9-августта өткөн. Анда өлкөнүн учурдагы башчысы Александр Лукашенко көп добуш алган. Бирок шайлоодон кийин добуш берүү бурмаланганын айтып чыккан жарандар митингдерди өткөрүп, нааразылык акциялары тынчыбай келет.