• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Жапаров менен Лукашенко кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча сүйлөштү

22 Аяк оона 202217:19 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 22-сентябрда, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, өлкө лидерлери кыргыз-беларус эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.

Ошондой эле, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал боюнча пикир алмашышты.

Садыр Жапаров менен Александр Лукашенко өз ара кызыкчылык туудурган багыттар боюнча жемиштүү өз ара аракеттенүүнү улантууну макулдашты.

Количество просмотров: 314