• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу өнөктүгүнүн убактысы узартылды

19 Үчтүн айы 202612:58 Бишкек Govori.TV

Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруунун убактысы узартылды. Бул тууралуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун директорунун орун басары Толубай Жакишов ОшТВга берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөр алмаштырылышы керек.

«Айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу боюнча алгач 15-январдан 15-февралга чейин деп чек коюлган, азыр аны алып салышты. Айдоочуларга кайрыла кетейин, шашпай эле келгиле, убакыт көп. Мурда бул айдоочулук күбөлүктөр Казакстан жана Россиядан алынчу. Азыр президенттин Иш башкармалыгына караштуу «Учкун» ишканасында чыгарылат. Баарына жетет», — деди ал.

Количество просмотров: 149