• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

1-майдан тартып электрондук эсеп-фактураны 5 жумушчу күндүн ичинде тариздөө керек

25 Чын куран 202522:54 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик салык кызматы эсеп фактураларды тариздөө тартибине өзгөртүүлөр киргизилгендигин маалымдайт.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 146 токтомуна ылайык, эсеп-фактура ушулжылдын 1-майынан тартып иш жүзүндө жеткирилген күндөн кийинки беш жумушчу күндөн кечиктирбестен таризделиши керек.

Мисалы, эгерде салык төлөөчү 12-майда товар жеткирсе же кызмат көрсөтсө, эсеп-фактураны милдеттүү түрдө жеткирүү күнүкатары 12-майды көрсөтүү менен 16-майга чейин тариздөө зарыл.

Буга төмөнкү учурлар кирбейт:

— Салык кодексине ылайык контролдук-кассалык машиналарды колдонуу менен калкка товарларды сатуу, кызматтарды көрсөтүү жана жумуштарды аткаруу. Мындай учурларда эсеп-фактура отчеттук айдан кийинки айдын он жумушчу күнүнөн кечиктирилбестен электрондук түрдө таризделет;

— тармактык уюмдар тарабынан канализацияны, лифттерди пайдалануу, катуу жана суюк калдыктарды чыгаруу, Интернет тармагына кирүү сыяктуу коммуналдык жана турмуш-тиричилик кызматтарын жеке жактарга жеткирүү, ошондой эле ысык жана муздак сууну, жылуулук энергиясын, электрэнергиясын, газды жана электр байланыш кызматын жеткирүү.

Мамлекеттик салык кызматы эсеп-фактураларды тариздөөнүн жаңы тартибин сактоо зарылдыгын эскертет.

Количество просмотров: 486