• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ТИМ: Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү эл аралык талаптарга жооп берет

31 Жалган куран 202614:19 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү эл аралык талаптарга жооп берет. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди.

Ал белгилегендей, министрлик чет өлкөлөргө дипломатиялык жолдор — 32 элчилик жана 10 башкы консулдук аркылуу Кыргызстандын жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрү тууралуу маалыматтарды таратты.

«Биз эки этап менен иштерди жүргүздүк. Биринчи этапта электрондук түрдөгү маалыматтар берилди. Экинчи этапта документтин өзүнүн үлгүсү жөнөтүлгөн. Бүгүнкү күндө айдоочулук күбөлүк эл аралык талаптарга жооп берет. Учурда документ боюнча кемчиликтер жана даттануулар боюнча кайрылуулар келген жок», — деди ал.

Количество просмотров: 136