• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Маданият министринин орун басары алмашты

15 Аяк оона 202516:27 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары кызмат ордунан Абдыкалыкова Гульбара Кадырбековна бошотулуп, Мадаминов Аскаралы Шукуралиевич дайындалды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Аскаралы Мадаминов боюнча МинКаб чечимин жалпы жамаатка министр Мирбек Мамбеталиев жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эксперти Чынгыз Эсенгул уулу тааныштырып, жаңы дайындалган орун басардын жоопкерчиликтүү ишине ийгилик каалашты.

Мадаминов министрликтин административдик иштерин координациялоону жүргүзмөкчү.

Количество просмотров: 205