• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Маданият жана искусство ишмерлерине Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык ыйгарылды

2 Теке 2022 13:45 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгын ыйгаруу жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жарлыкка ылайык, Конституциянын 70-беренесине ылайык токтом кылынат:

2020-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы төмөнкүлөргө ыйгарылсын:

Усубалиев Таалайбек Сыдымановичке, сүрөтчү — медицина кызматкерлеринин жана ыктыярчылардын COVID-19 пандемиясы менен күрөшү, ошондой эле коронавирустун курмандыктары жөнүндө картиналардын сериясы үчүн;

«Саманчынын жолу» спектакли үчүн Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын төмөнкү автордук жамаатына:

— Сыдыгалиева Анарага, актриса — Толгонайдын ролун аткаргандыгы үчүн;

— Жанжигитов Данияр Тыныбековичке, актер — Майсалбектин ролун аткаргандыгы үчүн;

— Конушбаев Алымгазыга, сүрөтчү-сценограф — оюндун сценографиясы үчүн.

Количество просмотров: 1155