• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Мадумаров: 9 айда өзүнүн ички эрежесин эптей албаган ЖКнын өлкөгө пайдасы тиеби?

7 Аяк оона 2022 11:56 Бишкек Govori.TV

9 айда өзүнүн ички эрежесин эптей албаган Жогорку Кеңеш өлкөгө, элге пайдасы тиеби? Бул тууралуу пикирин ЖК депутаты Адахан Мадумаров жалпы жыйын учурунда билдирди.

«Мына биз айтып жатабыз балдардын зордук-зомбулугу боюнча… Тийиштүү комитеттер барбы? бар, мыйзамдар барбы? бар, ал мыйзамдар жакшыбы? мыкты, сапаты боюнча керемет, дүйнөлүк стандарттардан кем калбаган мыйзамдар бар. Кыргызстандын кайгысы — мыйзамдын бир да тамгасы аткарылбайт. Анын аткарылуусу Жогорку Кеңештин комитеттерине жүктөлгөн. Биз аны аткарып жатабызбы? жок… Анан ошо мыйзамдардын аткарылуусун талап кылган депутаттар жаман көрүнүп жатат. Аткаруу бийлигине ыктап кеттик деп жатканым ошол. Мына 9 ай болду регламентибиз жок. Бул кандай Жогорку Кеңеш? 9 айда өзүнүн ички эрежесин эптей албаган Жогорку Кеңеш өлкөгө, элге пайдасы тиеби? Конституция боюнча башка ыкма менен жашашыбыз керек, а регламент эски Конституция менен… Ашмалтайдын баары Жогорку Кеңештин өзүнөн чыгып жатат», — деди өз сөзүндө депутат.

 Эске салсак, депутаттар каникулга чыгар алдын парламенттин жаңы регламентин кабыл алып, президентке жөнөткөн. Ал эми президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин ишин жөнгө салган регламенттин долбоорун жактырбай артка кайтарганы маалым болду.

Количество просмотров: 875