• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мадумаров үйүн тинтүү учурунда алынган 150 миң доллар тууралуу комментарий берди

11 Бештин айы 202516:30 Бишкек Govori.TV

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери, экс-депутат Адахан Мадумаров ага байланыштуу социалдык тармактарда тараган видео боюнча комментарий берди.

11-декабрда фейсбукта “Массалык башаламандыкты уюштурууга шектелген топ жана Мадумаровго байланышкан тинтүү” деген аталыштагы үч мүнөткө чукул видео тараган. Анда милиция кызматкерлери Адахан Мадумаровдун үйүн тинтүүдө саясатчынын сумкасынын 150 миң доллар табылганы айтылат. Тасмада “Мадумаров акчаны жакын арада уулун үйлөнтүп, той өткөрүп, андан кийин үй алып берүү максатында чогултуп жатканын айтканын”, бирок “кийин суракта каражаттын булагын көрсөтүп бере албаганы” белгиленген.

Адахан Мадумаров «Азаттыкка» ИИМдин кызматкерлери 150 миң долларды далил зат катары алып кеткенин билдирди.

“Мен апасы батирин сатып, акчаны менин ортончу уулума таштап кеткен деп көрсөтүп бергем. Батирди сатуу боюнча келишимдин көчүрмөсүн да көрсөткөм. Менин уулума таандык болгон батир сатылып атат. Ал акчаны чоң олжо катары алып кетишкен”, — деди ал.

Эске салсак, 22-ноябрдын таңында бир катар саясатчылардын үйү тинтилип, 10 адам кармалган. Бул тууралуу ИИМ маалымат таратып, “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековго, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаевге жана саясатчы, экс-депутат Кубанычбек Кадыровго Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси – “Бийликти күч менен басып алуу” менен айып тагылганын билдирген.

Ал күнү үйү тинтүүгө алынып, өзүлөрү сурак бергендердин катарында экс-депутат Адахан Мадумаров да болгон.

Количество просмотров: 609