Жогоку Кеңештин эск-депутаты Адахан Мадумаров айрым депутаттар мандатын тапшырганы боюнча пикирин билдирди. Бул боюнча анын видеосу социалдык тармактарда жарыяланды.
«ЖК депутаты деген мындай базардагы камоктун ээси катары болуп калды. Ошол базарком келип, «камокту бошот» десе бошотуп кое берет. «Эмне үчүн?» деген суроо берилбейт. Депутаттардын биринин артынан бири кетип бара жаткандыгы бул Кыргызстанда толук түрдө мыйзамсыздык жана диктатура орноп баштады дегендин белгиси. Эми кандайдыр бир күнөөлөрү болсо негедир баары жабык да. Мен үчүн абдан тушүнүксүз. Эмне үчүн өз эрки менен жазды. Анда ошол миңдеген добуш берген шайлоочулардын укугу кайда?», — деди ал.