• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Мадумаров: Ким мамлекетке чыккынчылык кылып, ким мекенине күйгөнүн тарых көрсөтөт

16 Бирдин айы 2022 16:29 Бишкек Govori.TV

ЖКнын депутаты Адахан Мадумаров өзүнө карата козголгон иш тууралуу пикирин билдирип жатып, ким мамлекетке чыккынчылык кылып, ким мекенине күйгөнүн тарых көрсөтө турганын айтты.

«Мен айтпадымбы, мамлекетке чыккынчылык деген беренени койгондо шайтандын өзү деле чалкасынан кетсе керек деп Баардык нерсени күтсө болот, бирок бул нерсени күтүү мүмкүн эмес дегендей. Эми алардын абийринде болсун. Тарых көрсөтөт, ким мамлекет үчүн, эли, жери үчүн күйгөн инсан болгон, а ким тескерисинче ошол өз мамлекетине, элине, өз жерине чыккынчылык кылганын…

Бул беренени далилдеш мүмкүн эмес. Күч ким тарапта болсо ошондой далилденип кете бергенге мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Бирок, азыр депутаттык комиссия түзүлдү, ошол комиссия кылдат иликтегенден кийин менимче баары түшүнүктүү болот», — деди Мадумаров.

Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңеште Мадумаровду жоопко тартууга макулдук берүүнү кароо үчүн комиссия түзүлгөн. Депутаттык комиссиянын курамына «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынан Айбек Осмонов, «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынан Исхак Масалиев, «Ынтымак» фракциясынан Мурадил Сыдыков, «Ишеним» фракциясынан Бахридин Шабазов, «Ыйман Нуру» фракциясынан Динара Ашимова, Элдик топтон Аманкан Кенжебаев, «Альянс» фракциясынан Азамат Исраиловдор кирген.

Мунун алдында Башкы прокурор депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартууга макулдук берүү өтүнүчү менен Жогорку Кеңешке кайрылган.

Саясатчы 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турган кезде кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу 14-январдан тарта Башкы прокуратурада күбө катары бир нече жолу сурак берген.

Количество просмотров: 1403