Бишкек. 15. 05.2018. Govori.TV
Кыргызстанга Европа Кеңеши менен МАГАТЭнин(БУУнун Атомдук Энергия боюнча эл аралык агенттигиделегациясы келди. Бул тууралуу Өкмөттөн билдиришти.
Алар Жалал-Абад облусундагы Майлы-Суу шаарында болуп, уран калдыктары көмүлгөн жайдын абалыи менен таанышмакчы.
«Уулуу калдыктарды иликтөөчү адистер Айлампа-Сай, Кулмен-Сай, Кой-Таш, аймактарында жана № 6, 20, 21-уулу заттардын калдыктарын сактоочу жайда болушат. Алар бул жайларды рекультивация жасоо, зыянсыздандыруу тууралуу айтышат»,-деп айтылат маалыматта.