• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Махабат Тажибек кызынын соту жылдырылды

3 Жалган куран 202611:53 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 3-мартта Жогорку сотто белгиленген Темиров LIVE жана “Айт, айт десе” долбоорлорунун жетекчиси, камакта жаткан Махабат Тажибек кызынын иши боюнча отурум болгон жок.

Отурум 10-мартка жылдырылды.

Эске салсак, буга чейин БУУ негизсиз камакка алуу көрүнүштөрүн иликтеген жумуш тобу Темиров LIVE жана “Айт, айт десе” долбоорлорунун мурунку жана ошол кездеги кызматкерлеринин кармалышы Адам укугунун жалпы декларациясынын, Жарандык жана саясий укуктар тууралуу эл аралык пакттын бир канча беренесин бузганын белгилеген. Кийинчерээк кыргыз бийлигине бир нече сунуш, анын ичинде Махабат Тажибек кызын абактан бошотуу сунушун берген.

БУУнун чечимине байланыштуу адвокаты ишти жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо өтүнүчү менен Жогорку сотко кайрылган.

Количество просмотров: 145