• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Махинур Ниязова: Коомго лидер айымдар керек

10 Бештин айы 2021 11:25 Бишкек Govori.TV

Коомго лидер айымдар керек. Мындай пикирин 24.kg агенттигинин башкы редакторунун орун басары Махинур Ниязова билдирди.

«Айымдардын өзүнө болгон ишенимин артыруу максатында «Кыйын» долбоору пайда болгон. Анткени көбү өз мүмкүнчүлүктөрүн туура колдонууну биле беришпейт. Буга байланыштуу багыт берүүнү туура көрдүк. Коомго, саясатка лидер айымдар керек. Мисалы, Жогорку Кеңештин 6-чакырылышында депутат айымдар аз болчу. Балким биздин долбоор саясатка айымдардын көп келүүсүнө өбөлгө түзүп калат. Кыргызстандын 7 дубанынан келген катышуучулар өз тармагында мыктылар. Алар алган тажрыйбалары аркылуу коомго пайда алып келсе дейм»,-деди Ниязова.

Белгилей кетсек, 9-10-11-декабрь күндөрү “GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында тренинг өткөрүп жатат. Ага Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Бишкек, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарынан келген 17 айым катышууда. Өлкөнүн булуң-бурчунан келген айымдардын арасында айылдык кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер бар.

Количество просмотров: 276