• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

24.kg агенттигинин башкы редактору Махинур Ниязова кызматтан кетти

18 Жалган куран 2024 10:12 Бишкек Govori.TV

24.kg агенттигинин башкы редактору Махинур Ниязова кызматтан кетти. Бул тууралуу ал өзүнүн фейсбук баракчасына жазды.

«Мен мындан ары 24.kg менен иштебейм. Агенттик өтүп кеткендердин жанында менин атымдын аталышын каалабайм. Жок, бул эмоциялар эмес, принциптер (ооба, бизде бар). Менин жарыям боюнча козголгон кылмыш иши боюнча мен жооп берүүгө даярмын. Качкан да келишим түзгөн да жокмун», — деп жазган ал.

Белгилей кетсек, 24.kg маалымат агенттигинин башчысы алмашты. Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка ылайык, 24.kg агенттигинин жетекчиси катары NazarNews агенттигинин журналисти Гүлжан Шерипбаева жазылган.

Количество просмотров: 443