• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Govori.TV үч күндүк семинар-тренинг өткөрүп жатат

9 Бештин айы 2021 15:27 Бишкек Govori.TV

9-10-11-декабрь күндөрү “GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында тренинг өткөрүп жатат. Ага Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Бишкек, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарынан келген 17 айым катышууда.

7 дубандан келген айымдардын арасында айылдык кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер бар.

Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын калыптандыруу болуп саналат. Тренингде маалыматты жайылтуу үчүн социалдык тармакты колдонуу, маалымат берүү техникасы, оратордук чеберчилик, журналисттер менен өз ара иштешүүнүн өзгөчөлүктөрү жѳнүндѳ маалымат берилет.

Бул жолу тренингди “GOVORI.TV” мультимедиалык маалыматтык агенттигинин негиздөөчүсү Кайыргүл Орозбай кызы, Жогорку соттун төрайымы Нүргүл Бакирова, Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова, 24.kg агенттигинин башкы редакторунун орун басары Махинур Ниязова, юрист Атыр Абдрахматова, гендердик маселелер боюнча эксперт Римма Султанова, “Media Карьера” ораторлук чеберчилик мектебинин негиздөөчүсү Айнура Кабатай кызы жана маркетолог Ормон Амангелдиевдер өткөрөт.

Тренингдин жыйынтыктары боюнча бардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылат. Окутуу Европа Биримдигинин “Демократияны колдоо фонду” жана “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында “GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги тарабынан уюштурулууда.

Количество просмотров: 487