• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Махмудов 2022-жылдагы Азиянын мыкты балбаны деп табылды

26 Бештин айы 2022 9:50 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов 2022-жылдагы Азиянын мыкты балбаны деп табылды. Бул тууралуу UWW Asia жазып чыкты.

Жылдын жыйынтыгы менен Азия чөлкөмүндө грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов, эркин күрөш боюнча япон Таиси Нарикуни жана кыз-келиндер күрөшү боюнча казакстандык Жамиля Бакбергенова мыкты деп аталды.

Эскерте кетсек, буга чейин UWW уюмунун версиясы боюнча Акжол Махмудов 2022-жылдын “Тарых жаратуучусу” болгон.

Количество просмотров: 111