• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Махмудов менен Власов биргелешкен машыгуу өткөрдү

9 Үчтүн айы 202214:29 Бишкек Govori.TV

2020-жылы Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси Акжол Махмудов менен Олимпиаданын эки жолку чемпиону Роман Власов биргелешкен машыгуу өткөрдү. Бул тууралуу россиялык спортчу социалдык тармактагы расмий баракчасына жазды.

«Өз элинин татыктуу уулу. Россияга кош келдиң, менин досум жана бир тууганым», — деп жазган ал.

Эскерте кетсек, буга чейин россиялык спортчу Роман Власов Акжол Махмудовго беттешүүнү сунуштаган. Ал эми Махмудов чакырыкты кабыл алып, Бишкекте жолугушууну сунуштаган.

Количество просмотров: 257