• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Махмудов менен Власовдун беттеши каякта өтөрү айтылды

3 Жалган куран 202316:44 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов менен россиялык спортчу Роман Власов күрөшө турган күн белгилүү болду.

Маалыматка караганда, аталган мелдеш Алматы шаарында 26-апрелде өтөт.

Бул күнү 10 өлкөнүн — Азербайжан, Армения, Индия, Иран, Казакстан, Куба, Кыргызстан, Молдова, Япония жана Россиянын мыкты балбандары күч сынашат.

Акжол Махмудов — Олимпиада жана Азия оюндарынын күмүш байгесинин ээси, дүйнөнүн бир жана Азиянын эки жолку чемпиону. Ал эми Роман Власов Олимпиаданын эки жолку жеңүүчүсү, дүйнөнүн үч жана Европанын төрт жолку чемпиону.

Количество просмотров: 1600