• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Махмудов менен Власовдун кармашы Алматада өтөт

19 Чын куран 202313:02 Бишкек Govori.TV

26-апрелде Алмата шаарында Poddubny Wrestling League турнири өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Ага Кыргызстан, Албания, Болгария, Иран, Куба, Монголия, Россия жана башкалар өлкөлөрдөн балбандар катышат.

Турнирдин башкы беттеши — Роман Власов менен Акжол Махмудовдун күрөшү болот.

Белгилей кетсек, Роман Власов Акжол Махмудовду бир жыл мурун беттешке чакырган.

Турнирдин байге фонду — 20 миллион рубль.

Количество просмотров: 100