• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Май майрамдарында Ала-Арча паркына чейин автобус каттамы уюштурулат

16 Чын куран 202515:16 Бишкек Govori.TV

Май майрамдарында Ала-Арча жаратылыш паркына чейин экспресс (жарым-жартылай) автобус каттамы уюштурулат. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Транспорт Турдакун Усубалиев атындагы аянттан Ала-Арча паркына чейин жүрүп, кайра ошол эле маршрут менен келет.

Жол кире накталай 50 сом, накталай эмес 40 сом болот. Автобустар саат 08:00дөн 19:00гө чейин каттайт, зарыл болгон учурда иш тартиби кайрадан каралып чыгат.

«Каттамды газ менен жүргөн 12 метрлик заманбап ISUZU автобустары тейлейт. Мындан тышкары, парктын ичинде эки жаңы электробус акысыз каттайт», — деди мэрия.

Эске салсак, кыргызстандыктар 1-майдан 12-майга чейин эс алат

Количество просмотров: 119