УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Kaktus.media сайтында чыккан маалымат боюнча козголгон кылмыш иши тууралуу комментарий берди.
Анын айтымында, УКМК иш козгогон эмес.
«УКМК мындай майда-чүйдө иштер менен алектенбейбиз, биз чоң иштер менен эле…», — деди Ташиев.
Эске салсак, Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук прокуратурасы Kaktus.media сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжал тууралуу маалыматка байланыштуу кылмыш ишин козгогон.