27-февраль күнү Жогорку Кеңештин алты комитети биргелешкен жыйынга чогулуп, анда кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча макулдашуулардын долбоору каралып, колдоо тапты.
Жыйында баяндама жасаган Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев чек араны тактоодо эки тараптын кызыкчылыгы эске алынганын билдирди. Ал белгилегендей сүйлөшүүлөрдүн негизинде Кыргызстан менен Тажикстандын өкүлдөрү орток пикириге келип, бир катар аймактарды алмашууга барган.
Бүгүнкү «Майдан» дебаттарында «Кыргыз-тажик чек ара маселесине чекит коюлдубу?» деген теманын айланасында сөз болмокчу.
«Майдандын» катышуучулары: