Кыргызстанда АКШ доллары менен орус рублинин сомго карата куну кыйла түшүп кетти. Март айынан бери акырындан түшүп келаткан валюта курсу, июнь айынын ортосунан тарта кескин ылдамдык менен арзандоодо. АКШ долларынын курсу соңку төрт айда 4,5 сомго арзандады.
Улуттук банктын маалымат кызматы интервенциялар алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн текшилөө үчүн жасалып жатканын билдирди.
“Улуттук банк өзгөрүлмөлүү алмашуу курс саясатын жүргүзгөндүктөн, валюталык рынокто түзүлгөн кырдаалга жараша улуттук валютанын кескин серпилүүсүн жөнгө салуу максатында валюталык интервенцияларды өткөрүп турат. Мисалы, алмашуу курсу кескин төмөндөп бараткан учурда Улуттук банк тарабынан чет өлкө валютасын сатып алуу боюнча валюталык интервенция өткөрүлөт, ал эми тескерисинче алмашуу курсу өтө жогорулап баратса, чет өлкө валютасын сатуу боюнча операцияны жүргүзөт”.
Эксперттик чөйрөдө Улуттук банктын валюта рыногундагы процесстерге ашкере кийлигишүүсү экономиканын тармактарына көбүнчө тескери таасир кыларын айтып келишет. Андан көрө бизнести арзан жана жеткиликтүү насыялар менен камсыздаса, инфляция төмөн болуп, экономика алдыга озмок, натыйжада элдин жашоо-турмушу жеңилдемек деген пикирлер бар.
Бүгүнкү » Майдан» дебаттарында «Рубль менен доллардын куну түшүп жатат. Божомолдор кандай болот?» деген теманын айланасында сөз болмокчу.
«Майдандын» катышуучулары: