Бүгүнкү «Майдан» дебаттарында “Жапаров кайра шайлоо өткөрөбү? Референдум саясий туруксуздукту жаратканы турат” деген теманын алкагында сөз болмокчу.
Катышуучулар:
Эске салсак, Садыр Жапаров 2020-жылдын октябрындагы парламенттик шайлоодон кийинки нааразылык коштогон бийлик алмашуудан соң өкмөт башчы жана президенттин милдетин аткаруучу болуп иштеген. Андан соң президенттик шайлоого талапкерлигин коюп, кызматтарды тапшырган.
Учурда президенттин милдетин Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов аткарууда.
БШКнын баштапкы маалыматына караганда, 10-январда 17 талапкер катышкан президенттик шайлоодо Садыр Жапаров 79% көбүрөөк добуш алган.