• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Майк Тайсон зордуктоого шектелүүдө

25 Үчтүн айы 202317:17 Бишкек Govori.TV

Бокс боюнча дүйнөнүн легендарлуу мурдагы чемпиону Майк Тайсон 30 жыл мурун кыз зордуктаган деп шектелүүдө. Бул тууралуу ABC News телеканалынын маалыматына таянып “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, легендарлуу мушкер түнкү клубдардын биринде таанышкан кызын зордуктаган деп шектелүүдө. 

“Аял 90-жылдардын башында бокс боюнча дүйнөнүн мурдагы чемпиону Майк Тайсонду зордуктоого айыптап, сотко кайрылды», — деп билдирди булак.

Арыз ээси өз арызында Тайсондун лимузининен, мушкер аны өпкөнгө аракет кылганын айткан.

 «Мен ага бир нече жолу «жок» деп айтып, токтотуусун сурандым, бирок ал мага кол көтөрө берди, — деп жазат басылма аялдын сөзүн.  

«Андан кийин ал менин шымымды чечип, мени кордоду», -дедген.  
Бул Тайсонго экинчи ирет тагылып жаткан айып экени белгилүү. Ал буга чейин сулуулар конкурсунун катышуучусу Дезире Вашингтонду злрдуктаган деп айыпталып үч жыл абакта олтуруп чыккан.    

Количество просмотров: 4071