• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Унаада хиджапчан кызды зордуктоого аракет кылган таксист кармалды

28 Жетинин айы 2018 9:44 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 28.11.2018. Govori.TV
Бишкек шаарында 49 жаштагы таксинин айдоочусу кармалды. Буга чейин социалдык тармактарда «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаада хиджаб кийген кызды зордуктоо үчүн болгон аракет болгондугу жөнүндө видео тараган.
Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, таксинин айдоочусу 1969-жылы туулган Б.Ч. экени такталган.
«Социалдык тармактарда жаш кыз «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаадан чыгууга аракет кылганы, бирок аны таксист кармаганы тууралуу видео тараган. ШИИБдин кызматкерлери 27-ноябрь күнү аталган таксистти кармашты. Учурда ал териштирүү иштери үчүн Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди», — деп айтылат ШИИБдин маалыматында.

https://www.youtube.com/watch?time_continue=1&v=bkwF11i-BTM

Количество просмотров: 154