• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Түркияда кыргызстандык жаран 4 жаштагы кызды зордуктоого шектелүүдө

4 Жалган куран 2021 17:40 Бишкек Govori.TV

Түркияда 4 жаштагы кызды зордуктоого шектелип кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Түркиянын Кушадасы шаарында полиция кызматкерлери тарабынан 27 жаштагы Кыргызстандын жараны кармалды. Ал 4 жаштагы Е.Г. аттуу кызды зордуктоого шектелүүдө.

Кыргызстандын жараны Х.А.А. буга чейин Россияда жашаган. Жакында эле жубайы А.Д. менен Кушадасы шаарына барган. Алар аялынын бөлөсү М.У. менен бир көчөдө кошуна турушчу.

М.У.нун айтымында, түндө ойгонуп, жанында кызы жок экенин көргөн. Анан А.Д.га чалган. Кызы алардын үйүндө экенин уккан соң үйүнө жеткирип берүүнү суранган. Кызы чочулап, коркуп калганын көрүп, эмне болгонун сураган. Е.Г. аны Х.А.А. зордуктаганын айткан.

Шектүү буга чейин 4 түрдүү кылмыш боюнча соттолгону белгилүү болгон.

Количество просмотров: 566