Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевдин жубайы Майрам Акаева Кыргызстанга учуп келди. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар өздүк булактарына таянуу менен жазды.
Алдын ала маалыматка караганда, Акаева учурда Талас облусунда. Ал апасын акыркы сапарга узатууга келген.
Кошумчалай кетсек, анын апасы 24-январда каза болгон.