• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Аскар Акаев жубайы менен Кыргызстанга келгени айтылды

20 Бугу 202315:21 Бишкек Govori.TV

Мурдагы президент Аскар Акаев менен жубайы Майрам Акаева Кыргызстанга келди. Бул тууралуу айрым ЖМКлар өздүк булактарына таянып жазды.

Маалыматка караганда, Аскар Акаев менен Майрам Акаева кыргыз-казак чек арасынан өтүп келишкен.

Алар Улуттук илимдер академиясында жана Политехникалык университетке лекция окуганы келгени айтылды. Лекциялар качан болору азырынча белгисиз.

Эске салсак, мурунку президент Акаев 2021-жылы 16 жылдан бери Кыргызстанга биринчи жолу келип, Кумтөр боюнча сурак берген.

Количество просмотров: 316