• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Майыптыгы бар адамдар митингге чыкты. Алардын талабы эмне?

13 Кулжа 2022 16:50 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 13-июнда Өкмөт үйүнүн батыш тарабына майып жарандар нааразылык акциясына чыгышты.

Алар өлкө башчысынын келишин, маселесин угушун суранып жатышат. Акциянын катышуучулары 30 жылдан бери көйгөй жаратып келген турак жай маселесин чечүүнү талап кылышууда. Алар бүгүн эртең менен акцияга чыгышкан. Чогулгандардын алдына Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов чыгып, азыркы учурда бийлик аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү системалуу түрдө турак жай менен камсыз кылуу милдетин коюп жатканын айткан.

«Ошондуктан салыктарды жана төлөмдөрдү толук чогултуу абдан маанилүү. Бул акча атайын элге, медицинага, билим берүүгө, социалдык муктаждыктарга, анын ичинде турак жайга кетет», — деди Байсалов.

Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар талап кылып жаткан турак жай маселесин тез арада чечилет деген үмүтүн билдиришип, жана президенттин кабыл алуусун күтүшөөрүн билдиришүүдө.

Количество просмотров: 407