Франциянын президенти Эммануэл Макрон Украинада толук кандуу согуш жүргүзүп жаткан Орусия бүткүл Европа үчүн коркунуч болуп калды деп билдирди. Ал 5-март шаршембиде элге жасаган кайрылуусунда Орусия Украинадагы согушту «глобалдык жаңжалга» айлантып, түндүк кореялык аскерлерди жана Ирандын аскердик техникасын колдоно баштаганын белгиледи. Бул тууралуу DW билдирет.
Мындан тышкары, Макрондун айтымында, Россия жигердүү аскердик дараметин жогорулатып жатат.
«Россия Украинада токтойт деп ким ишенет? Орусия Франция жана Европа үчүн коркунуч болуп калды», — деди Франциянын президенти.
Макрон АКШ «биз тарапта калат» деп ишенгиси келгенин, бирок Европа барына даяр болушу керектигин белгиледи. Президент Дональд Трамп кызматка киришкенден бери Орусия менен АКШнын жакындашуусун француз лидери «жаңы доор»деп атады.
Франция европалык союздаштарды ядердик куралы менен коргоону караштырат, деди Макрон. Ал ошондой эле европадагы өзөктүк камоо боюнча «стратегиялык дебаттарды» жактап, Германиянын болочок канцлери Фридрих Мерцтин, Берлин, Лондон жана Париждин Европа континентиндеги өзөктүк коопсуздук боюнча сүйлөшүүлөрүнө «тарыхый чакырыгын» эске салды. Эммануэл Макрон Франциянын өзөктүк куралын колдонуу боюнча кандай гана чечим болбосун аны Республиканын Президенти өзү эле чече алат деп кошумчалады.
Кайрылуусунда француз президенти келерки аптада Парижде Украинадагы тынчтыкты камсыз кылууга даяр болгон Европа өлкөлөрүнүн армия штаб башчыларынын жыйыны болорун жарыялаган. Бул аскерлер Украинага келечектеги тынчтык келишиминин сакталышын көзөмөлдөө үчүн жайгаштырылышы мүмкүн, деп белгиледи Макрон.
Ошол эле учурда, Макрон Украинадагы тынчтык «Орусиянын басымы менен орнотууга мүмкүн эмес», ошондой эле согушту токтотуу жөнүндө макулдашуу «Украинанын багынып берсин дегенди билдирбейт» деп баса белгиледи.