Мал базарда акчасын уурдатып алган карыяга эл акча чогултуп берди. Бул тууралуу маалымат социалдык тармактарга жарыяланды.
Маалыматка ылайык, окуя Токмок шаарындагы мал базарда болгон. Анда аксакалдын 120 миң сом аксын чөнтөкчүлөр уурдап кетишкен.
Ал эми видео тасмадан базардагы кайдыгер карабаган элдер ага 115 миң сом жыйнап беришкен. Карыя көзүнө жаш алганын көрүүгө болот.