Күбөлөрдүн айтымында, айрым жерлерде жарылуулардын үнү угулууда.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, өрт 27-май күнү болжол менен саат 19:20 чамасында чыккан. Тилсиз жоо базардын дээрлик бүт аймагын каптаган. Айрым учурларда катуу жарылуулардан кийин асманга ири жалын көтөрүлгөнү байкалган. Болжол менен газ баллондору же күйүүчү-майлоочу май сакталган жайлар жарылган болушу мүмкүн.
Окуянын күбөлөрүнүн айтымында, адамдардын баары эвакуацияланган. Бирок айрым соодагерлер малдарын чыгарып кетүүгө үлгүрбөй калган. Учурда келтирилген чыгымдын көлөмү тактала элек.
Өрттүн чыгуу себеби азырынча белгисиз. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алдын ала маалымат боюнча, өрт Сокулук айылындагы мал базарынын аймагында чыкканын билдирди. Өрт тууралуу маалымат 27-майдын кечинде тез тамактануучу жайдан түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 19:34тө Сокулук райондук №23 өрт-куткаруу бөлүгүнүн бир күжүрмөн эсеби тартылган. Ал эми саат 19:43тө ошол эле бөлүктөн кошумча дагы бир эсеп жөнөтүлгөн. Учурда окуя болгон жерде эки өрт өчүрүүчү эсеп иштеп жатат.