• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Малайзияга кете албай жаткан Бекназаров маалымат жыйын берет

14 Үчтүн айы 2020 11:16 Бишкек Govori.TV

Буга чейин Президент Азимбек Бекназаровду Кыргызстандын Малайзиядагы Элчиси кылып дайынаган.

Кыргызстандын Малайзиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болгон Бекназаров качан кызматына киришээри жана Малайзияга жөнөп кетээри тууралуу азырынча белгисиз. Бекназаровго бул тууралуу суроолор менен кайрылганыбызда 16-январь күнү маалымат жыйын берип, ошол жактан толук айтып берээрин билдирди.

Кошумчалай кетсек, Бекназаровго элчилик кызматын президент Сооронбай Жээнбеков өзү сунуштаган.

Ал эми жаңы дайындалган элчи малай тилин билбесе да, элчилик кызматка барган соң үйрөнүп алаарын билдирген эле.

Эске салсак, Азимбек Бекназаров буга чейин баш прокурор, Жогорку Кеңештин депутаты, Убактылуу Өкмөттө вице-премьер-министр болуп иштеген.

Количество просмотров: 916