• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Малайзиянын премьер-министри Кыргызстанга келет

10 Бугу 202414:58 Бишкек Govori.TV

Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим 15-16-майда расмий сапар менен Кыргыз Республикасына келет. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Бул сапар Малайзиянын премьер-министринин Борбор Азия боюнча сапарынын алкагында өтөт, биринчи барган өлкө – Кыргызстан болот.

Сапардын жүрүшүндө жогорку жана бийик деңгээлдеги жолугушуулар пландаштырылууда.

Жолугушууларда Кыргызстан-Малайзия мамилелеринин бардык чөйрөсүн активдештирүү, атап айтканда, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө маселелер талкууланат”, — деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.

Количество просмотров: 139